Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстандын экономикалык эркиндиги бир тепкичке начарлаган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"The Heritage Foundation" уюму "Index of Economic Freedom 2019" - дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады.

Ага 180 өлкө кирип, Кыргызстан 79-орунду ээледи. Былтыр ал 78-орунда болчу. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 59-орунду ээлеп, Кыргызстан менен кошо экономикасы дээрлик эркин өлкөлөрдүн катарына кирген. Тажикстан 122-орунда, Өзбекстан 140-орунда. Булар экономикасы эркин эмес өлкөлөрдүн катарында деп бааланган.
Ал эми Түркмөнстан 164-орунда "экономикасы репрессивдүү" өлкөлөргө киргизилген.

Уюмдун сайтындагы маалымат боюнча тизмени түзүүдө эксперттер өкмөттүн чыгымдарына, өлкөдөгү укук системасына, соода эркиндигине көңүл бурушкан. Кыргызстандагы негизги маселелер бизнести тескөө, эмгек базары жана мыйзамдын алсыздыгы экендиги айтылган.

Экономикалык жактан эркин өлкөлөрдүн башында Гонконг, Сингапур, Жаңы Зеландия турат. Эң акыбал начар өлкөлөр - Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея. (ZKo)

XS
SM
MD
LG