Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Окуучуну жулкулдаткан мугалим сөгүш алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Карамарт айылындагы орто мектептин физика жана математика сабактарынан берген 77 жаштагы мугалими 6-класстын окуучусуна кол көтөргөндүгү үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу мектеп директору Жумакүл Абданбаева “Азаттыкка” маалымдады.

Мектеп директорунун айтымында окуя 21-январь күнү болгон. Окуучу тентек кылганына байланыштуу мугалим аны жакалап сыртка алып чыккан. Учурда мугалимге окуучуларга кол көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 77 жаштагы агай - мектепте физика менен математикадан берген жалгыз мугалим. 

11-январда жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында 38 секунд телефонго тартылган видео тараган. Анда класста жашып өтүп калган мугалим окуучуну жакалап жатканын тартылган. (TSh)

 

XS
SM
MD
LG