Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Бээжин Анкаранын уйгурларды колдогон билдирүүсүнө жооп берди


Үрүмчүнүн көчөсүндөгү мусулман аялдар. 3-июль, 2010-жыл.
Үрүмчүнүн көчөсүндөгү мусулман аялдар. 3-июль, 2010-жыл.

Расмий Бээжин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын абалы боюнча Түркиянын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Кытайдын тышкы иштер мекемеси түрк тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксойдун айткандарын "калпка негизделген айыптоо" деп мүнөздөдү.

Аксой ишемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө Түркия Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулмандарга кылган мамилеси үчүн Кытайды айыптап, муну "бүткүл адамзатты уяткарган" иш-аракет катары сыпаттай тургандыгы белгиленген.

Билдирүүдө "Кытай өзүм билемдик менен Шинжаң аймагындагы бир миллион уйгурду тарбиялоочу лагерлерге камап салганы баарына белгилүү" деп жазылган. Мындан тышкары түрк бийлиги Кытайды "саясий лагерлерди" жабууга үндөгөн.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген уйгурлар, казактар жана кыргыздар негизсиз “саясий тарбиялоочу лагерлерде” кармалып турганын БУУ, "Хьюман Райтс Уотч" сыяктуу эл аралык уюмдар билдирип келишет. Расмий Бээжин бул лагерлерди кесипке үйрөтүүчү, билим берүү борборлору катары мүнөздөп жатат.

Кытайда 15 миллиондон ашык уйгур жашайт. Алар Бээжиндин репрессивдик мамилеси тууралуу буга чейин да арызданып келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG