Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Журналисттик иликтөөлөр фонду бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарында сынактын жыйынтыгын чыгарат.
Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган сынак былтыр декабрдын соңунда жарыяланган. Ага жалпысынан 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан 30дан ашуун иш келип түшкөн. Фонд кабарлагандай, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланат. Сыйлыктын фонду 100 миң сом.
"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду былтыр 14-сентябрда ишке киришкен.
Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Уюм иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылып турмай болгон. Сыйлык тапшыруу аземине Эгизбаевдин ата-энеси, аялы катышат.
Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезинде мезгилсиз кайтыш болду. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (КЕ)