Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Эстонияда офицер атасы экөө "Орусия үчүн тыңчылык кылган" деп соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эстониянын соту Коргонуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы офицери, майор Денис Метсавасты Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты. Ушундай эле берене менен анын атасы Петр Волин алты жылга соттолгонун "Postimees" басылмасы жазды.

Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталуучу жашыруун маалыматтарды Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы башкармалыгына берип турган. Метсавас орус чалгынчылар менен 10 жылдай, атасы беш жылдай иштеген. Маалыматтар үчүн алар акча алып турушкан.

Ата-бала 2018-жылы сентябрда кармалган. Баштапкы маалыматтарга караганда, алар Эстониянын аскердик инфраструктурасы жана өнөктөштөрү менен кызматташтыгы тууралуу маалыматтарды берип турушкан. Бул өлкөнүн Коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Рихи Террас соттолуучулардын аракети Эстония менен НАТОго чоң чыгым алып келгенин билдирди.

Метсавас Эстония армиясында, артиллерия аскеринде жана Башкы штабда 1998-жылы кызмат өтөгөн. Өлкөнүн коргонуу планын түзүүгө катышкан. Волин союз маалында СССР Коопсуздук комитетинин чек ара аскеринде эмгектенген.

XS
SM
MD
LG