Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык берилди


Сыйлык тапшыруу учуру.
Сыйлык тапшыруу учуру.

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталып, Журналисттик иликтөөлөр фонду 12-февралда татыктууларга байге тапшырды. Салтанат Бишкек гуманитардык университетинде өттү.

Комиссиянын тыянагы менен ар түрдүү медиада иштеген төмөндөгү журналисттер сыйланышты: Карачач Шакирова жакшы материал үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды, "Умтулуу" сыйлыгы Эрик Исраилов менен Адил Турдукуловго, "Үмүт" сыйлыгы Марина Сколышевага берилди. Башкы сыйлыкка "Азаттык" радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков татыктуу деп табылды.

Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган сынак былтыр декабрда жарыяланган. Ага 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан 30дан ашуун иш келип түшкөн. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом, башкы сыйлык ээсине 100 миң сом берилди.

Сыйлык тапшыруу аземине Эгизбаевдин ата-энеси, жубайы, санаалаштары, кесиптештери чакырылган.

Сыйлык тапшыруу салтанаты:

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду былтыр 14-сентябрда ишке киришкен.

Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.​

Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG