Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

"Саясий туткундарды мыйзамсыз камагандарды" жоопко тартуу талап кылынууда


Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов. Иллюстрациялык коллаж.
Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов. Иллюстрациялык коллаж.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сындаганы үчүн жалган жалаа менен мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөр, мыйзамсыз чечим чыгарган соттор жоопкерчиликке тартылсын. Жарандарды куугунтуктап, сот жана тергөө органдарынын ишине кийлигишкени үчүн экс-президент да жоопко тартылсын.

12-февралда Бишкекте өткөн экс-президенттин тушунда камалган саясатчылардын маселесин талкуулаган жыйындын катышуучулары ушундай чечим кабыл алышты. Мындан тышкары, камактагы саясатчылардын иштери жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралышы керек деген талап айтылды.

Абакта отурган Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров жана башка саясатчылар президент жана парламент тарабынан мунапыс менен бошотулсун деген да талап коюлду.


“Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке жаңы келген айларда комиссия түзүлүп, отуздан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн экени айтылган. Бирок бул маселе көтөрүлбөй, иштердин басымдуу бөлүгү карала элек.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурат. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма катары баалашат.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG