13-февралда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
Нарын жергесинде түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Түндө -2…-4, күндүз 6…8 градус болот.