Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

КТРКнын кызматкерлери бир айдан бери айлык ала албай жатат


КТРК.
КТРК.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Коомдук телеканалдын өз атын атагысы келбеген журналисти билдирди. Анын айтымында, мындай учур бул телеканалда биринчи жолу болуп жаткан жок. Бул маселе боюнча
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылганыбызда, ал азыркы түзүлгөн жагдайга Коомдук каналдын тиешеси жок экенин билдирди:

- Бул КТРКнын маселеси эмес. Бүгүнкү күндө бизге Финансы министрлиги түшүндүргөндөй, ал мекеме жаңы кодекстин негизинде санариптик эсептөө форматына өтүп жатат. Ошол себептен буларда кармалып калды. Биз аванс катары бардык кызматкерлерге айлыктын жарым акчасын бөлүп бергенбиз. Бүгүн-эртең калганын беребиз.

Карыпбеков "буга чейин эмгек акы айлап кармалган учурлар болгон эмес" деди. Коомдук телеканалда 700дөн ашуун кызматкер иштейт. (AlS)

XS
SM
MD
LG