Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Финансы министрлиги: Пенсия, жөлөкпулга мамлекеттин карызы жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акылары, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында, мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөнүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы Борбордук казыначылыкка шилтеме кылып «Азаттык» радиосуна кабарлады.

Министрликтин маалыматы боюнча, 8-январдан 11-февралга чейинки аралыкта:

-Билим берүү жана илим министрлигине - 1 млрд. 387,7 млн. сом;

-Саламаттык сактоо министрлигине – 84,7 млн. сом;

- Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине – 1 млрд. 210,7 млн. сом которулуп берилген.

Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондго 2 млрд. 853,2 млн. сом пенсиянын акчасы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 1 млрд. 356,5 млн. сом которулган.

Айрым бюджеттик кызматкерлер айлык акы берилбей жатканына нааразылыгын «Азаттыкка» билдиришкен. Өткөн айда майып балдардын ата-энелери да жөлөкпул кечиктирилип жатканына нааразылыгын айтышкан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG