Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Бишкекте күйүп кеткен үйдө үч бала түтүнгө ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Келечек конушунда турак үй өрттөнүп, 2,3, 4 жаштагы балдар түтүнгө ууланышты. Учурда алар ооруканада жатышат. Алардын абалы орто экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Өрт 11-февралда күндүз №14 көчөдөгү эки бөлмөлүү үйлөрдүн биринде чыгып, ал толугу менен күйүп кеткен. Окуянын чоо-жайы такталууда. 

Маалыматка караганда, жабыркаган балдардын баары бир тууган. Ал кезде атасы жумушка, апасы поликлиникага кеткен. Алар өрт чалган үйдү ижарага алып жашап жүрүшкөн. 

XS
SM
MD
LG