Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Беларуста менчик маалымат порталынын редакторунун соту башталды


"Tut.by" жеке менчик интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотова. 6-февраль, 2019-жыл.
"Tut.by" жеке менчик интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотова. 6-февраль, 2019-жыл.

Беларустун көз каранды эмес Tut.by маалымат порталынын редакторунун иши сотко өттү. Үч журналистке мамлекеттик кабар агенттигинен “маалыматты мыйзамсыз алды” деген айып коюлган.

12-февралда Минск шаарындагы сотто "Tut.by" жеке менчик интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотованын иши боюнча териштирүү башталды.

Былтыр августта "БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши" боюнча жалпы 18 журналист шектүү катары кармалып, сурак берип чыккан.

Журналисттер суракка алынгандан кийин укук коргоочулар президент Александр Лукашенконун бийлигин "өкмөттү сындаган эркин медианы ооздуктоого аракет кылууда" деп айыпташкан. Бийлик мындай дооматтарды четке каккан.

Марина Золотовага "Шалаакылык" беренеси менен айып коюлган. Ал мындай айып менен беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Беларустун Тергөө комитети Золотова өзүнүн кызматкерлери көптөн бери "БелТА" агенттигинин системасын бузуп кирүү аркылуу мыйзамсыз жол менен маалымат алып турганын моюнга алганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG