Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Беларуста кармалган журналисттердин көбү бошотулду


"БелаПАН" агенттигинин жанында турган полиция кызматкерлери.
"БелаПАН" агенттигинин жанында турган полиция кызматкерлери.

Беларус тергөөчүлөрү "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен кармалган он чакты журналисттин баары бошотулганын 9-августтун кечинде билдиришти. Бирок кеминде эки журналист дале камакта экени кабарланып жатат.

Убактылуу кармоочу жайдан чыгарылгандардын арасында "Tut.by" жеке менчик интернет-порталынын редакторлору Марина Золотова, Анна Калтыгина жана кабарчы Анна Ермачонак да бар. Мындан тышкары, "БелаПАН" жаңылыктар агенттигинин эки журналисти да бошотулду.

Золотова өзүнө "Шалаакылык" беренеси менен айып коюлганын "Азаттыкка" билдирди. Ал мындай айып менен беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Беларустун Тергөө комитети Золотова өзүнүн кызматкерлери көптөн бери "БелТА" агенттигинин системасын бузуп кирүү аркылуу мыйзамсыз жол менен маалымат алып турганын моюнга алганын маалымдады.

Бирок “Немис толкуну” агенттигинин кабарчысы Павлюк Быковский дале камакта экенин, ал 10-августта сурак берерин анын жубайы "Фейсбукка" жазды. Ошондой эле "БелаПАН" жаңылыктар агенттигинин редактору Ирина Леушинанын тагдыры азырынча белгисиз. Ал 9-августта кармалганы кабарланган.

Журналисттерди кармоо бир катар эркин жаңылыктар агенттиктеринин кеңселериндеги тинтүү менен да коштолгон. "Tut.by" агенттигинин негиздөөчүсү Юрий Зиссер “БелТА” маалымат агенттигине байланыштуу иштин "саясат өңүтү" бар экенин айткан. "Чек арасыз кабарчылар” уюму 7-августтагы билдирүүсүндө беларус бийлигин “сын айткан журналисттерди кысымга алууну токтотууга” үндөгөн. Беларустун Тышкы иштер министрлиги мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG