Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Беларуста ондой журналист кармалды


"БелаПАН" агенттигинин жанында турган полиция кызматкерлери.
"БелаПАН" агенттигинин жанында турган полиция кызматкерлери.

Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен бир нече журналист суракка чакырылып камалды.

Кыймылсыз мүлк сатып, ижарага берип иштеген “Realt.by” интернет-сайтынын кызматкерлери башкы редактор Владислав Кулецкий, журналисттер Игорь Хмара, Мария Сорока жана Алена Масловская Тергөө комитетине суракка чакырылып, камалганы айтылды.

Шаршембиде полиция алардын компьютерлерин конфискациялаган.

Төрт журналист “БелТАга” байланыштуу иштин алкагында суралып жатканы айтылган.

“Сельская Гаспадарка” журналынын мурдагы кабарчысы Алексей Жуков аялы Арина Семичкина менен шаршембиде кармалды. Журналист Ольга Шестакова "Азаттык" радиосуна жубайлар Минскинин сыртындагы кыштакта кармалганын ырастады. Алар эмне үчүн кармалганы азырынча белгисиз.

7-августта полиция Беларустагы эки эркин медианын кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөн кийин беш аял журналист кармалган. Полициянын маалыматына караганда, "Tut.by" жана "БелаПАН" агенттиктеринин журналисттери мамлекеттик "БелТА" кабарлар агенттигинин маалыматын мыйзамсыз жол менен алган.

"Tut.by" агенттигинин негиздөөчүсү Юрий Зиссер иштин "саясат өңүтү" бар экенин айтты.

Беларуста 7-августтан бери камалган журналисттердин саны ондон ашты.

Европадагы Адам укуктары боюнча кеңеш шейшембиде эркин агенттиктердин кеңселерин тинтүүгө жана камоого байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бул президент Александр Лукашенконун бийлигинин "маалымат каражаттарын басуу аракетин көрсөтөт" деп сындады.

"Чек арасыз кабарчылар” уюму 7-августтагы билдирүүсүндө беларус бийлигин “сын айткан журналисттерди кысымга алууну токтотууга” үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG