Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Индияда мейманканадагы өрттөн 17 киши каза тапты


Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерде. 12-февраль, 2019-жыл.
Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерде. 12-февраль, 2019-жыл.

Индиянын баш калаасы Нью-Делидеги мейманканада өрт чыгып, андан кеминде 17 киши каза тапты. Шаардык полициянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Arpit Palace" отелинде шейшембинин таңында тутанган өрттөн дагы төрт адам жабыркады. Нью-Делинин батыш тарабында жайгашкан бул имараттан 35 киши аман-эсен куткарылды. өрт башталганда мейманканадагылардын көбү уктап жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону аныктала элек.

Индияда турак жайларда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жана жеткиликтүү текшерүү жүргүзүлбөгөндүктөн буга чейин да чоң өрт чыккан учурлар катталган.

2016-жылы Керала штатында храмда чыккан өрттөн 100дөн ашык кишинин өмүрү кыйылып, 200дөй адам жабыркаган. Пиротехника сакталган кампадагы жарылуудан тутанган жалын храмды толугу менен жок кылган.

XS
SM
MD
LG