Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Көмүр исине ууланган балдардын абалы жакшырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектеги балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Аскарбекова билдирди.

- Көмүр исине ууланып келген балдар жандандыруу бөлүмүндө жатышат, - деди ал. - Тиешелүү дарыларды берип жатабыз, бүгүн балдар эсине келди. 3 жаштагы бала бүгүн тамак сурады. Буга биз да аябай кубандык. Берки эки баланын өпкөсү кагынып калган, ошондуктан дагы кылдат дарылоону талап кылат. Азырынча балдар толук жакшы болмоюнча жандандыруу бөлүмүндө кала беришет. Энеси жанында.

Көмүр исине ууланган балдар Бишкек шаардык ооруканасына 11-февралда саат 16:00 чамасында келип түшкөн. Балдарга кийим-кече, памперс жана башка жардам зарыл экенин балдардын укуктарын коргоочулар жана жергиликтүү социалдык кызматкерлер да айтышууда.

11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп, андагы үч бала иске ууланган. Балдардын улуусу 3,9 жашта, ортончусу 2,8 жашта, кичүүсү 1,4 жашта, үчөө тең эркек балдар. "Өрт чыккан учурда балдардын атасы иште болгон, апасы поликлиникага кеткен, апасы кош бойлуу, айы-күнүнө жетип турат" дейт дарыгер. Иске ууланган балдарды үй күйүп жатканын байкап калган кошуналары алып чыгып, өздөрүнүн автоунаасы менен Эне-баланы коргоо борборуна алып барышкан. Ал жерден алар "Тез жардам" менен Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG