Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

КСДПнын эсепчиси: шайлоодогу документтерди Атамбаевге калтыргам

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шайлоо штабынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы Кыргызстандан чыгып кеткенинин себептерин жана Интернетке жарыяланган финансылык документтердин чоо-жайын түшүндүрдү. Анын видеокайрылуусу Интернетке 12-февралда чыкты. 

Ал экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов камалган соң телефонуна чалган күмөндүү адамдар болгонун, тыңшоо жүрүп жатканын сезип, Алмазбек Атамбаевге кайрылганын, ал мамлекеттен убактылуу чыгып кетүүгө кеңеш бергенин билдирди. 

- Кетерден мурун өз коопсуздугумду ойлоп, шайлоонун материалдарын (документтердин баарын) Атамбаевге калтыргам. Анын Интернетке чыгып кетерин ойлогон да эмесмин. Башында тынчсыздандым, азыр болсо "балким жарыяланганы жакшылыкка" деп ойлоп жатам, - деген Сатыгул кызы Индияга кеткенин, Бишкекке жакын арада келерин кошумчалаган. 

24.kg маалымат агенттиги жарыялаган тасма: 

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева видеокайрылуу тараткан аял Надира Сатыгул кызы экенин бышыктады. 

Былтыр укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну жалган маалымат катары мүнөздөгөн.

Кийин Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өз коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып чыккан.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги иликтөө баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG