Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Түркияда миңден ашуун кишини кармоого буйрук чыкты


"Гүлендин кыймылынын" мүчөлөрү деп шек саналгандарды кармоо. 25-апрель, 2017-жыл.
"Гүлендин кыймылынын" мүчөлөрү деп шек саналгандарды кармоо. 25-апрель, 2017-жыл.

Түркияда бийлик "Фетхуллахчы террорчул уюм" деп атаган "Гүлен кыймылынын" мүчөлөрү катары шек саналган 1112 адамды камакка алууга буйрук чыкты. Түрк маалымат каражаттары аларды кармоо операциясы өлкөнүн 76 провинциясында жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

"Анадолу" мамлекеттик агенттиги шектүүлөрдүн жарымынан көбү колго түшкөнүн маалымдады. Агенттиктин жазганы боюнча бул кишилердин айрымдары 2010-жылы полиция кызматкерлерин тестирлөөдөн өткөрүүдө суроолорду кайсы бир адамдарга алдын ала берип койгон деп да шек саналып жатат.

Түрк бийлиги АКШда жашаган түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди "2016-жылдагы төңкөрүш аракетинин артында турат" деп айыптап, анын тарапкерлери катары миңдеген адамды камакка алган. "Гүлендин кыймылы" төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG