Эгизбаевдин сыйлыгы ээсин тапты
Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Фонддун байкоочу кеңешинин тандоосуна ылайык, башкы сыйлыкты "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков жеңип алды. Конкурстун катышуучуларынын ичинен дагы төрт авторго атайын жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Иликтөөчү журналист, маркум Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу иш-чарасы журналисттин туулган күнү - 12-февралда уюштурулуп, ага коомдук-саясий жана журналисттер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
-
Июнь 29, 2026Бишкектеги мунай тартыштыгы
-
Июнь 26, 2026Сумая: “Күйөөмдүн колунан тирүү чыкканыма сүйүнөм”