Бүгүндөн тартып айыптардын баары сүрөт, видео каттоого алынып, расмий түрдө протоколдор түзүлө баштайт.
Коопсуз шаар: айдоочуларды сынаган алгачкы күн
Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, калаадагы 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады.

1
Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши.

2
Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши.

3
Жол кесилиштерине орнотулган камералар, көчүп жүрүүчү радарлар 12-февралдан баштап жол чырактын тийиштүү белгисине баш ийбеген, карама-каршы тилкеге чыккан, жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеге токтогон, жол чырактын токтотуучу белгисине карабай өткөн, ылдамдыкты чектен ашырган айдоочуларды каттап, айыппул салына баштады.

4
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн камераларга же ылдамдыкты ашырганы үчүн каттоого алынган автоунаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлүп, андан кийин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айыптын өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберет.

5
Маршруттук таксилер эрежени сактап, токтоо тилкесинен өтпөй турушат. Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши.

6
Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилиши.

7
Чүй проспектиси - Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилиши.

8
Жол эрежесин бузган айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү. Ал белгиленген мөөнөттө айыпты төлөбөсө үстүнө туум кошулат.

9
Чүй проспектиси - Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилиши.

10
Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши.

11
Жүргүнчүлөр Жоомарт Бөкөнбаев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксилерди токтотуу аракетинде. Бирок бир да кичи автобус токтогон жок.

12
Маршруттук таксилерди токтото албай айласы кеткен жүргүнчүлөр жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн камераларды карап жаткан учур.

13
Жүргүнчүлөр аялдаманы көздөй баратышат.

14
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн камералар ишке киргенине карабай эрежени сактабаган айдоочулар да жок эмес.

15
Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши.