Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Тажикстан: бир үй-бүлөдөн үч киши иске ууланып каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Хатлон облусунун Кушониён районунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза тапты. Баары иске ууланганы айтылууда.

"Азаттыктын" тажик кызматы билдиргендей, окуя 11-февралга караган түнү болгон. 49 жаштагы Зокир Шокиров жана анын 18 жаштагы кызы Мадина менен 19 жаштагы уулу Анастын сөөгү эртең менен өздөрү жашаган үйдөн табылган. Алардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин жерге берилди.

Экспертизанын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Коңшулары маркумдар үйүн көмүр менен жылытып келгенин жана иске ууланганын айтып жатышат.

Тажикстандын кыштактарында кышкы суукта бир бөлмөнү эле меш жана көмүр менен жылытып, үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жашаган учурлар кадыресе көрүнүш.

Өлкөдө иске ууланып каза тапкандар буга чейин да болгон. 2017-жылдын 1-декабрында Согди облусунда 55 жаштагы жубайлардын сөөгү табылган. Ошол эле жылдын февралында Пенжикентте эки балалуу үй-бүлө иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Балдардын биринин өмүрүн сактоого мүмкүн болгон эмес.

XS
SM
MD
LG