Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Мамдума “Эркин Интернет жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды


Орусиянын телекоммуникация картасы.
Орусиянын телекоммуникация картасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы “суверендүү Рунет” же дагы бир аталышы "Эркин Интернет жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечилер бул документ «глобалдык желе менен байланыш үзүлүп калганда Орусияда Интернеттин үзгүлтүксүз иштей беришин камсыз кылат» деп ишендирип жатышат.

Долбоорду сындагандардын көз карашында, мындай чара Орусияда интернет айдыңын дагы натыйжалуу көзөмөлдөөгө жол ачат.

Документтин авторлору Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жетекчиси Андрей Клишас, анын биринчи орун басары Людмила Бокова жана Мамдуманын депутаты Андрей Луговой "долбоор 2018-жылы кабыл алынган АКШнын киберкоопсуздук боюнча улуттук стратегиясын эске алуу менен даярдалганын" билдиришти.

Жергиликтүү медианын кабарына караганда, өткөн аптада орусиялык операторлордун жыйыны өтүп, анда «чыныгы коркунучтарды аныктоо максатында байланыш түйүндөрүндө машыгууларды» өткөрүү сунуш кылынды. Мындай иш-чараны 1-апрелге чейин өткөрүү пландалган. Анын жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору толукталып, Мамдумага экинчи окууга жөнөтүлөт.

Мурдарак орус өкмөтүнүн эксперттери мыйзам кабыл алынып, ишке кирсе «Рунеттин» ишин үзгүлтүккө учуратуу тобокелдиги көбөйүп, «Роскомнадзордун» түздөн түз кийлигишүүсүн кеңейтет деп эскертишкен. Ал эми операторлорго кенемте катары жылына 134 миллиард рублга чейин акча сарпталарын эсептеп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG