Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Гуайдо: гуманитардык жардам 23-февралда келет


Хуан Гуайдо.
Хуан Гуайдо.

Венесуэлага гуманитардык жардам 23-февралда жеткирилет. Бул тууралуу оппозициянын лидери Хуан Гуайдо Каракастагы митинг учурунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн жүздөгөн жарандары алгачкы керектелүүчү буюм-тайым, азык-түлүктү таратуу үчүн ыктыярчы катары жазылды. Гуайдо гуманитардык жардамды жеткирүүгө бийлик жолтоо болушу ыктымал экенин айтып, нааразылык акциялары жаңы шайлоо күнү белгиленмейинче улана берерин кошумчалады.

Ошол эле учурда Венесуэланын президенти Николас Мадуро ВВСдеги интервьюсунда АКШдан келген гумжардамды өлкөгө киргизүүгө уруксат бербей турганын билдирген. Анын айтымында, Вашингтон ушундай жол менен Венесуэланы басып алууну көздөп жатат.

Каракаста оппозициядан сырткары Мадуронун тарапташтары да митингге чыгышты. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, эки тарап тең акцияларын тынч өткөрүштү.

Буга чейин Венесуэланын тышкы иштер министри өлкө бийлиги БУУнун жана башка ортомчулардын катышуусунун негизинде оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми бул өлкөнүн Орусиядагы элчиси Карлос Рафаэл Фариа Тартоса Федерация Кеңешинде сүйлөп жатып Гуайдону “АКШнын кол баласы” деп атаган.

Мадуро буга чейин мөөнөтүнөн мурда президенттик эмес, парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Ал "Венесуэланы куралдуу басып алууга даярданып жатат" деп АКШны айыптоодо.

Венесуэланын армиясы социалисттик президент Николас Мадуронун буйругу менен АКШдан гуманитардык жардам алып келе жаткан автокербенди өткөрбөш үчүн чек араны жаап салган.

XS
SM
MD
LG