Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Чемпиондор лигасы: "Манчестер Юнайтед" ПСЖга утулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндө УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары башталды. Анда негизги матч Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу менен Франциянын ПСЖ командасынын оюну болду.

"Манчестер Юнайтедге" декабрда жаңы машыктыруучу Уле Гуннар Сульшер келгенден бери команда бир да жолу жеңиле элек болчу. Бирок түндө ПСЖ конокто ойноп жатканына карабай, "Манчестерди" 2:0 эсебинде утуп алды.

Париж клубунун курамында жаракатына байланыштуу Неймар, Кавани жана Мунье ойногон жок. Ал эми "Манчестер Юнайтеддин" мыктыларынын бири Поль Погба оюн учурунда эки ирет эреже бузганы үчүн кызыл кагаз алып, кийинки оюнда командасына жардам бере албай турган болду.

Ошондой эле түндө Чемпиондор лигасынын алкагында Португалиянын "Порту" командасы менен Италиянын "Ромасы" ойноп, римдиктер 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул оюн италиялык клубдун талаасында өттү. (SDz)

XS
SM
MD
LG