Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектеги балдардын "Тез жардам" ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлмира Аскарбекова билдирди. Анын айтымында, балдардын үчөө тең жандандыруу бөлүмүндө.
- Алардын акыбалы аябай оор, - деди ал. - Бардык дары-дармектер берилип жатат. Колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Акыбалы турукташканда өзүбүз айтабыз.
Ооруканадагы балдарынын абалы бүгүн кайра оорлошо баштаганын алардын атасы Рустам да "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 12-февралда эсине келип, тамак сураган улуу баласы да бүгүн кайра эстен танган.
11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп, андагы үч бала иске ууланган. Балдардын улуусу 3,9 жашта, ортончусу 2,8 жашта, кичүүсү 1,4 жашта, үчөө тең эркек балдар. Өрт чыккан учурда балдардын атасы иште болгон, кош бойлуу апасы поликлиникага кеткен. Иске ууланган балдарды үй күйүп жатканын байкап калган кошуналары алып чыгып, өздөрүнүн автоунаасы менен Эне-баланы коргоо борборуна алып барышкан. Ал жерден алар "Тез жардам" менен Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген. (ZKo)