Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Таш-Көмүрдө депутат ооруканага "Тез жардам" унаасын сатып берди


Депутат сатып берген "Тез жардам" унаасы. Таш-Көмүр шаары.

Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын депутаты Кадыр Эргешбаев жаңы “Мерседес Бенз” үлгүсүндөгү автоунаа сатып берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” дарыгерлер борборунун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык депутат 13 миң долларга бааланган автоунааны белек катары өз каражатынын эсебинен сатып алган. Жаңы машине Ош-Бишкек жолунун боюндагы элди тейлөөгө бөлүндү.

Таш-Көмүрдөгү тез жардам бөлүмү 37 миң калкты тейлейт. Буга чейин бөлүмдүн эки гана автоунаасы бар болчу. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG