Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Депутат өлкөдө көмүскө экономика 40% түзөт деп эсептейт

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Парламентте “Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттер менен соода алакасында товарларды эсепке алуу жана Кыргызстанга аткезчилик жолу менен товар алып кирүүнү азайтуу жөнүндө” токтомдун долбоору талкууланып жатат.

Анын демилгечиси депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанда көмүскө экономика 40% түзөрүн маалымдады. Анын маалыматына караганда, былтыр Бишкектеги дистрибьютор (кайсы бир фирмалардын товарларын алып кирген ишкана) компаниялардын жарымы Алматы шаарына чыгып кетти. Анткени Казакстандан товар алып кирүү оңой болуп калды. Ошондой эле депутат Казакстандан кирген товарлардын эсеп-чоту алынбай калганы көмүскө экономикага шарт түзүп жатканын белгиледи.

Экономика министрлигинин эсебинде, өлкөнүн ички дүң өнүмү былтыр 557,1 млрд. сомду түздү. Түшүндүрүп айтканда, көмүскө экономика ачыкка чыгарылган учурда ички дүң өнүмдүн пайызы көбөйөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG