Ооган бийлиги эки шайлоо комиссиясынын жумуштан четтетилген кызматкерлеринин ишин иликтей баштады. Алар былтыркы парламенттик жана жергиликтүү шайлоодо "бийлигинен аша чапкан" деп шек саналууда.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 12-февралдын кечинде иликтөө башталганын жарыялады. Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын жана Арыздар боюнча шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде иштен четтетилди. Аларга өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды.
Эки комиссиянын мүчөлөрү "былтыр октябрь айында өткөн добуш берүүдө шайлоо комиссиясынын ишин майнаптуу уюштура алган эмес" деген сынга кабылышкан. Анын айынан өлкөнүн 15 провинциясындагы шайлоонун жыйынтыгы эмгиче жарыялана элек.
Быйыл июль айында оогандар президенттик шайлоо өткөрүшөт. Ооган бийлиги бул жолу былтыркы парламенттик шайлоо учурунда катталган техникалык жана логистикалык маселелердин алдын алууну көздөп жатат.