Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Лицейдин жетекчиси кызматтан алынганы үчүн агенттиктин башчысын айыптоодо


№92 лицей кол өнөрчүлүккө окутат. Иллюстрациялык сүрөт.
№92 лицей кол өнөрчүлүккө окутат. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №92 кесиптик лицейдин жетекчиси Динара Аширова иштен мыйзамсыз алынганын айтып “Азаттыкка” кайрылды. Ал буга Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкуловду айыптады:

- 31-январда мени Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы чакырып, жогору жактагы таасирдүү адамга менин ордум керек болуп жатканын айтып, өз эрким менен кызматтан кетүүнү сунуш кылды. Кетпесем күчтөп кетирерин айтты. Мен кызматтан кетпей турганымды айтып, сотко кайрыларымды билдирдим. Эртеси, 1-февралда эмгек жамаатына башка адамды жаңы жетекчи катары тааныштырып, мени "өз каалоосу менен кызматтан кетти” деп айтыптыр.

Динара Аширова ал кезде ооруканада дарыланып жаткан. Кесиптик билим берүү тармагында 10 жылдан бери иштеп келаткан Аширова учурда бул маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди.

Ал эми Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкулов Ашированын дооматын четке какты.

- Директорду кызматтан алууга себептер керек. Ага беш жолу сөгүш берилген. Окуучулар тараптан нааразычылыктар болгон, - деди ал.

Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 лицей элдик көркөм кол өнөрчүлөрдү тарбиялайт. 700дөн ашык окуучу билим алат. (AlS)

XS
SM
MD
LG