Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Армениянын экс-президенти Кочарянга дагы бир айып тагылды


Экс-президент Роберт Кочарян, 16-август, 2018-жыл.
Экс-президент Роберт Кочарян, 16-август, 2018-жыл.

Армениянын атайын тергөө кызматы экс-президент Роберт Кочарянга “паракорчулук” беренеси менен айып такты. Буга чейин мурдагы мамлекет башчыга “Конституциялык түзүмгө шек келтирген” деген кине тагылган.

Кочаряндын адвокаты Арам Орбелян "Азаттык" радиосунун армян кызматына билдиргендей, ишкер айым Сильва Амбарцумян Армениянын министрине пара берүүгө мажбур болгонун айткан соң экс-премьерге дагы бир айып тагылды. Адвокат иштин чоо-жайын айткан жок.

Амбарцумян 2008-жылы айлана-чөйрөнү коргоо министри Арам Арутюнянга 10 кенди иштетүүгө лицензия алуу үчүн 14 миллион доллар пара берүүгө аргасыз болгонун "Азаттык" радиосуна айткан.

Январь айында Еревандын соту Арутюнянды камакка алууга чечим чыгарган. Ушул тапта анын кайда экени белгисиз.

Роберт Кочерян 28-июлда камакка алынган. 13-августта өлкөнүн Апелляциялык соту алгачкы баскычтагы соттун чечимин четке кагып, экс-президентти боштондукка чыгарган. Былтыр 7-декабрда Апелляциялык сот экс-президентти камакка алууга кайра чечим чыгарган.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган Кочерян 2008-жылы 1-марттагы тогуз адам каза болуп, бир нече адам жараат алган демонстрацияларды күч менен тараткан, “Конституциялык түзүмгө шек келтирген” деп айыпталууда.

Кочарян бул айыптарды "саясий куугунтук" деп атап келет.

XS
SM
MD
LG