Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Ирандын сакчылар корпусунун кеминде 20 мүчөсү курман болду


Ислам революциясынын сакчылар корпусунун автобусуна кол салуу болгон жерде, 13-февраль, 2019-жыл.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун автобусуна кол салуу болгон жерде, 13-февраль, 2019-жыл.

Ирандын түштүк-чыгышында жанкечтинин кол салуусунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кеминде 20 мүчөсү курман болуп, дагы ону жараат алды. Бул тууралуу Ирандын IRNA жана Fars маалымат агенттиктери кабарлашты.

Кол салууну сунни согушкерлеринин "Жаиш ал-Адл" тобу өз мойнуна алды.

Fars агенттигинин кабарына караганда, жанкечти сакчылар корпусунун кызматкерлерин салган автобуска барып урунган. Аскерлерди салган автобус Пакистан менен чектеш аймактагы Систан-Белужистан провинциясындагы Захедан жана Хаш шаарларынын ортосунда чабуулга кабылды.

Кол салуунун чоо-жайы азырынча белгисиз.

29-январда Захедан шаарында кош жарылууда полиция офицери жабыркаган. Былтыр декабрда Чабахар шаарында жанкечтинин жардыруусунан эки полиция кызматкери курман болуп, 42 киши жараат алган. Бул провинцияда сунни мусулмандары - белужилер жашайт. Аймак ошондой эле баңгизат ташыгандардан такай жапа чегет.

XS
SM
MD
LG