Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Ирандын ири портун Индия башкарат


Чабахар портунун бир көрүнүшү. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Чабахар портунун бир көрүнүшү. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Ирандын стратегиялык Чабахар порту Индиянын башкаруусуна расмий өткөрүлдү. Бул кадам чөлкөмгө геосаясий жактан да таасир этиши мүмкүн.

Инд океанынын жээгиндеги Чабахар порту Нью-Делиге Борбор Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүүдө өз атаандашы Пакистанга көз каранды болбоого мүмкүндүк берет. Ал Ооганстан үчүн да тышкы дүйнө менен карым-катыштын маанилүү дарбазасы болуп эсептелет.

Ирандын Инд океанынын жээгиндеги жалгыз порту Чабахар жаңыланып, кайра курулгандан кийин былтыр ишке берилген. Анын каражатын Индия бөлүп, курулушун да негизинен Индия жүргүзгөн.

Эми Ирандын бул стратегиялык порту Индиянын мамлекеттик ээлигиндеги компаниясынын (India Ports Global Limited -IPGL) башкаруусуна 24-декабрда расмий берилди.

Индиялык компания портту алгач бир жарым жылга, андан ары барып он жылга ижарага алууда. Бул үчүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Чабахар шаарында өткөн салтанатка Иран жана Индия менен катар Ооганстандын да расмий адамдары катышты.

Президент Хассан Роухани жана премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делиде жолуккан учур. 17-февраль, 2018-жыл.
Президент Хассан Роухани жана премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делиде жолуккан учур. 17-февраль, 2018-жыл.

Чабахар порту Индиянын коммерциялык борбору Мумбай шаарынан бир жарым миң чакырымдай жерде, Оман булуңунун жанында жайгашкан. Аны жаңылап, кубаттуулугун арттыруу долбоору акыркы жылдары Нью-Делинин, Тегерандын жана Кабулдун үч тараптуу макулдашууларында камтылып, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө такай башкы экономикалык маселелердин бири болуп келген.

- Бизде конструктивдүү талкуулар жүрдү, өз ара түшүнүшүү болду. Биз өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдардын баары аткарылат деп үмүттөнөбүз. Мына, Чабахар портубуз Индиянын инвестициясы менен өнүктүрүлүп, жабдылды. Чабахардан Захеданга чейинки темир жол да Индиянын инвестициясы менен төшөлдү, - деген эле Ирандын президенти Хассан Роухани жыл башында Нью-Делиге барганда.

Ирандын стратегиялык портунун Индиянын башкаруусуна берилиши бул аймакка геосаясий жактан да таасир тийгизиши мүмкүн экендиги кеп болууда. Чабахар порту Индияга узундугу жети миң чакырымдан ашуун Түштүк-Түндүк транспорт коридору аркылуу алгач Борбор Азия, андан ары Орусия жана Европа менен соода жүргүзүүдө аймактагы өз атаандашы Пакистанды буйтап өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жылына сегиз жарым миллион тонна жүк өткөрө ала турган бул порт тышкы дүйнө менен экономикалык карым-катышта, ары-бери жүк ташууда Ооганстандын да Пакистанга көз карандылыгын азайтат. Ооганстанда өз саясий жана экономикалык кызыкчылыктары бар Индия буга чейин Ооганстанды Иран менен туташтырган, 240 чакырымга созулган жолду да куруп берген.

2001-жылы «Талибан» бийликтен кулатылгандан бери Индиянын Ооганстанда өнүгүү долбоорлору үчүн жана инвестиция иретинде салган каражатынын көлөмү эки миллиард долларга жакындаган.

Ирандын президенти Хассан Роухани Чабахар портуна барган учур. 3-декабрь, 2017-жыл.
Ирандын президенти Хассан Роухани Чабахар портуна барган учур. 3-декабрь, 2017-жыл.

Чабахар Ооганстан үчүн маанилүү болгондуктан, АКШ быйыл ноябрда өзүнүн Иранга каршы экономикалык санкцияларында бул портту камтыган эмес.

Айрым талдоочулар Индия Ирандын Чабахар портун өнүктүрүп жатышын Кытай-Пакистан экономикалык коридоруна атаандаштык катары карашат. Кытай өз кезегинде “Бир жол - бир алкак” долбоорунун жүрүшүндө Пакистандын бул экономикалык коридордун борбордук түйүнү болгон Гвадар портуна жүз миллиондогон доллар инвестиция салууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG