Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Орусияда “Адам укугу үчүн” кыймылы чет элдик агент деп табылды


Лев Пономарёв.
Лев Пономарёв.

Орусияда Лев Пономарёв жетектеген “Адам укугу үчүн” кыймылы чет элдик агент деп эсептелген уюмдардын катарына киргизилди. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги Юстиция министрлигине таянып жазды. Министрлик аталган кыймылдын документтерин пландуу эмес текшерүү учурунда ушундай тыянак чыкканын билдирген.

Юстиция министрлиги январь айынын ортосунда Башкы прокуратуранын талабы менен “Адам укугу үчүн” кыймылын текшерип баштаганын билдирген. Кийин кыймылдын кеңсесине бир нече жолу кирип келип, ишти үзгүлтүкө учураткан бийликчил SERB кыймылынын арызынын негизинде текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Пономарёв кыймылга тиешеси бар, бирок өзүнчө иштеген башка уюмдун чет өлкөдөн грант алганы буга себеп болушу ыктымал деп эсептейт.

“Менин БУУнун Кыйноого каршы комитетинен грант алган “Ыкчам байланыш” аттуу коммерциялык эмес уюмум бар. Мен аны эч качан жашырган эмесмин. Ошону менен катар “Адам укугу үчүн” кыймылы чет өлкөдөн эч кандай каражат алган эмес”, - деди Пономарёв.

Укук коргоочу министрликтин чечимине каршы арызданбай турганын айтып, "мыйзам ошондой жазылган соң аны менен күрөшүүдөн майнап чыкпайт" деп билдирген.

Орусияда "Чет элдик агент жөнүндө" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Аны "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаттар тобу киргизген.

XS
SM
MD
LG