Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Исмаилов: Шадиевге дагы бир иш бар


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча ким жооптуу экенине кызыкты.

Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов ошол кездеги башкы прокурордун убагында кылмыш иши козголгон учурда Шадиев өлкөдөн чыгып кете алмак эмес деген оюн айтты:

- Биз материалдарды жиберген учурда эле ошол кездеги башкы прокурор кылмыш ишин козгоп берсе Шадиев эч жакка качмак эмес. Жыйырма күндөн ашык күндөн пайдаланып Шадиев качып, мүлкүн башка адамдарга каттатып кетти. Ошол ишти азыр алып барып жатабыз. Анча-мынча обьектилерди кайтарып атабыз. Бизде дагы бир иш бар, ошол ишке байлап туруп мүлкүн мамлекетке өткөрөбүз, - деген атайын кызматтын өкүлү кайсы иш экенин ачык айткан жок.

Укук коргоо органдары парламентте Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берип жатышат.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Мындан тышкары, ага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып коюлган. ​Шадиевге издөө жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG