Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 23:23

Эки колунан ажыраган жоокер боюнча сот болуп жатат


Колдорунан ажыраган жоокер.

Жалал-Абад облусттук сотунда Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаев боюнча отурум өтүүдө. Бул тууралуу сотко катышып жаткан укук коргоочу Азиза Абдрасулова маалымдады.

Соттук териштирүү 13-февралда башталган.

№30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-август айында кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал 2018-жылы жазында аскерге чакырылган. Жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жоокер энеси менен чогуу батирде жашай тургандыгын, үйү жок экенин, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG