Линктер

шейшемби, 19-февраль, 2019 Бишкек убактысы 00:15

Адамкул Жунусов дагы эки айга абакта калды


Адамкул Жунусов.

Биринчи май райондук соту 30-январда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду 4-апрелге чейин тергөө абагында калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Азаттыкка" ырастады. Ага ылайык, Адамкул Жунусов козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жаткан учурда, 4-апрелге чейин абакта калтырылды.

Адамкул Жунусов 28-декабрда Кыргызстанга Бакудан алынып келген.

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.


Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда. Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго былтыр август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG