Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Талибдер Пакистанда АКШнын өкүлдөрү менен жолугарын билдиришти


Талибдер Исламабадда Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугуша турганын айтышты. Сүрөттө Имран Хан.
Талибдер Исламабадда Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугуша турганын айтышты. Сүрөттө Имран Хан.

"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр 18-февралда Пакистанда боло турганын жарыялашты.

Талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 13-февралда жолугушуу Пакистандын борбору Исламабадда боло турганын билдирди. 25-февралда тараптар Катарда сүйлөшүүгө чогула турганы айтылган. Забихулла Мужахид талибдер Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен пакистан-ооган мамилесин талкуулаш үчүн жолугуша турганын да айтты.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү сүйлөшүүлөргө расмий чакыруу келе элек экенин маалымдады.

Исламабад Ооганстанга коңшулаш жана аймактагы куралдуу держава катары бул маселеде маанилүү роль ойношу мүмкүн. Азыр 1,5 миллионго жакын оогандык качкын Пакистанда жашайт.

АКШнын расмий өкүлдөрү, анын ичинде Кошмо Штаттардын Ооганстандагы тынчтык боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен талибдердин сүйлөшүүлөрү акыркы айларда кызыды. Буга чейин сүйлөшүүлөрдө жылыш болгону кабарланган. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү келишимге жетишүү үчүн көп иш жасаш керек экенин билдирип жатышат.

АКШ менен "Талибандын" сүйлөшүүлөрү Ооганстандагы 17 жылга созулган согушту токтотууга багытталган.

Халилзад 28-февралга чейин Белгияда, Германияда, Түркияда, Катарда, Ооганстанда жана Пакистанда болуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганы айтылган.

Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу маселеси өткөн жумада Москвада “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын эки күндүк сүйлөшүүсүндө да козголгон. Ага Ооганстандын азыркы өкмөтүнүн жана АКШнын өкүлдөрү катышкан эмес.

“Талибан” кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган “Аль-Каида” кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

Айрым маалыматтарга ылайык өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына “Талибан” жана башка топтор бийлик жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG