Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

АКШ чабарманы менен сүйлөшүү үчүн “Талибандын” атайын тобу түзүлдү


“Талибан” кыймылынын фракциясы болуп саналган “Хаккани тобунун" лидерлеринин бири Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.
“Талибан” кыймылынын фракциясы болуп саналган “Хаккани тобунун" лидерлеринин бири Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.

“Талибан” кыймылы АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы менен кезектеги сүйлөшүүгө катышууга 14 мүчөсүнөн турган топту жарыялады.

12-февралда жарыяланган билдирүүдө атайын топту Мухаммад Аббас Станекзай жетектеп барары айтылат.

Топко “Талибан” кыймылынын фракциясы болуп саналган “Хаккани тобунун" лидеринин абактагы иниси Анас Хаккани дагы кирди.

Кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Кабул өкмөтү Хакканини “сүйлөшүү тобундагы ишин башташы үчүн абактан чыгарышы керек” деди.

Ооганстандын Улуттук чалгын агенттиги Хакканини эркиндикке чыгаруу боюнча азырынча чечим жок экенин билдирди.

Эки жума мурда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Дохада өткөн жолугушуусу алты күнгө созулган.

Анда Вашингтон менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкени маалым болгон.

Алардын Дохадагы кезектеги сүйлөшүүлөрү 25-февралда өтөрү кабарланды.

XS
SM
MD
LG