Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Башкы прокурор: карыздан кутулуш үчүн электр баасын көтөрүүгө туура келет (видео)


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча маалымат берип жатып, кылмыш ишинин экономикага тийгизген таасирине да токтолду:

- Эми экономикалык жагын карап көрөлү. Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет.

Эгерде 386 млн. доллар насыя алууда техникалык экономикалык негиздеме түзүлсө, анда бул маселелер талкууга алынмак. Бирок 2013-жылы жеке адамдын кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгына өйдө болуп, кыска мөөнөттө ЖЭБди оңдоо аракеттеринен улам кыргыз мамлекети чоң өлчөмдө насыя төлөөгө дуушар болду.​

Ошондой эле башкы прокурор ЖЭБ боюнча камакта отургандардын дооматтарын курулай популизм деп баалады.

Депутат Жанарбек Акаев башкы прокурорду фактыга гана таянып, кайсы бир саясатчыларга баа берүүдөн алыс болууга чакырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG