Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Иске ууланган балдардын абалы дагы эле оор


Келечек конушундагы өрттүн кесепети.
Келечек конушундагы өрттүн кесепети.

Үч жашар бала менен бир жашар баланын абалы дагы эле оор, эки жашар бала өзүнө келген, анын абалы ага-инисине караганда жакшыраак. Бул тууралуу "Азаттыкка" эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 11-февралдагы өрттө болгон мүлкүнөн ажырап калган үй-бүлө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилди.

- Эми мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөкпул берилет, - деди ал. - Министрликте акчалай жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок, атайын фонд жок. Ошондуктан башка жардам бергиси келген уюмдардын, жарандардын жардамын алып берүүгө көмөк көрсөтөбүз.

11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп, анда калган үч бала иске ууланып калган. Өрт чыккан учурда атасы жумушта болгон, кош бойлуу апасы поликлиникага кеткен. Өрттү көрүп калган кошуналары балдарды алып чыгып, ооруканага жеткиришкен. Балдар ошондон бери Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат.

Үй толугу менен күйүп кеткен. Социалдык тармактарда активисттер өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө жардам чогултушууда. Учурда үй-бүлө ээси - Рустам Таштанбек уулунун атына Элсом капчыгы ачылган. Номуру 0700292395. (ZKo)

XS
SM
MD
LG