Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан кийин урандылардын алдынан табылып, аман калган наристе ооруканадан чыкты.
Куткаруучулар урандылардын алдынан таап чыккан Иван Фокин бир жарым айдай бейтапканада жатып, 14-феврада чыгарылды. Магнитогорск шаарындагы өздөрү жашаган көп кабаттуу турак жай жарылуудан урап түшкөндө Фокин он айлык болчу. Аны куткаруучулар жардыруу болгондон 35 сааттан кийин табышкан. Наристенин мээси чайкалып, сөөктөрү сынган, ички органдары жабыркап, катуу үшүп калганы айтылган.
Жардырууну баштан кечирген Фокиндин ата-энеси баласынын аман калганын "жаңы жылдык керемет" деп атаган.
Магнитогорск шаарында 31-декабрда 10 кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон. Бул окуялар үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, бирок Орусия муну четке каккан.
Тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары газ түтүгүнүн бузулушу каралып жатканын жана окуя болгон жерде жардыруучу заттардын элементтери табылбаганын кабарлаган.