Бул маалыматты Стамбул шаарындагы башкы консулдук ырастады. Учурда беш кыргызстандык кыз-келин Стамбул шаарынын миграция департаментинде кармалууда.
Окуя 12-февралда Стамбул шаарында катталып, анда шаардык ички иштер бөлүмү 35 чет өлкөлүк аялды сойкулуктан куткарганы жана алардын дээрлик баары Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары экени түрк маалымат каражаттарында жазылган.
Полиция кыз-келиндерди социалдык медиадан алдап чакырып, сойкулукка мажбурлаган 50 шектүүнү да камакка алган.
Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2005-2017 жылдары Түркияда 1,222 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган. (ElB)