Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу сот уланат


Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.
Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароону улантат.

Бул күнү күбөлөр суралышы керек. Бул тууралуу Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев "Азаттыкка" билдирди.

11-февралдагы соттук процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Сотто Бурулайдын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши каралып жатат.

Буга чейин беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, бирөө күнөөсүз экенин айткан.

12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаар сотуна кайрылышкан. Шаардык сотто отурум 27-февралда уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG