15-февралдан тартып Бишкек шаарындагы мектептерге кабыл алуу үчүн электрондук кезек системасы иштей баштады.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Марина Гречаная билдирди. Тургундар www.mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу каттала алышат.
“Электрондук кезек" – мамлекеттик мектептерге 1-класска кабыл алуунун автоматташтырылган системасы.
Соңку жылдары балдарды мектепке кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөр күч алганы коомчулукта айтылып жүрөт.
Кыргызстанда азыр 2262 мектеп бар. Расмий маалыматка караганда, өлкө 600дөй жаңы мектепке муктаж. (КЕ)