Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Иске ууланган балдардын үй-бүлөсүнө өкмөт 100 миң сом бөлдү

Өрттүн кесепети. Келечек жаңы конушу, Бишкек. 11-февраль, 2019-жыл.
Өрттүн кесепети. Келечек жаңы конушу, Бишкек. 11-февраль, 2019-жыл.

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Иске ууланып, ооруканада жаткан балдардын абалы менен 12-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова таанышып келген. 

11-февраль күнү Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан эки-үч жашар үч бала ууланган. Кырсык учурунда балдардын атасы жумушта болуп, ал эми кош бойлуу энеси поликлиникага кеткен. Өрттү көрүп калган кошунасы балдарды өз автоунаасы менен ооруканага жеткирген.

Бишкектеги №3 балдардын тез жардам ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын абалы жакшыра баштаганы айтылууда.

Өрттө болгон мүлкүнөн ажыраган үй-бүлөгө социалдык мекемелер, кайрымдуу адамдар тарабынан жардам чогултулуп, акчалай каражат да топтолуп берилүүдө.

Атасынын атына Элсом капчыгынан эсеп ачылган, номуру 0700 29 23 95.(ZKo)

XS
SM
MD
LG