Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Баткендеги чек арада жез аткезчилигине бөгөт коюлду


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районундагы Жаңы-Жер аймагында кыргыз-өзбек чек арасынан жез алып өтүү аракетине кыргызстандык чек арачылар бөгөт коюшту.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын жарандары жез салынган сегиз капты чек ара бекетинен алыс жерден аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракеттенишкен.

Чек арачыларды көргөндө алар автоунаасын таштап, өздөрү Өзбекстандын аймагына кире качышкан. Сегиз капта жалпысынан 365 килограмм жез болгон. Ал 119508 сомго бааланууда.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жүк УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (JsA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG