Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Билим берүү жана илим министри менен орун басарына сөгүш берилди


Гүлмира Кудайбердиева, билим берүү жана илим министри.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен анын орун басары Надира Жусупбековага сөгүш берилди.

Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, министр орун басары экөө окуу китептериндеги мүчүлүштүктөр үчүн сөгүш алышты.

14-февралда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, акыркы убактарда басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүн баса белгилеген. Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууда коррупцияны жоюуну, окуу китептерин иштеп, басып чыгарууда, таратууда бюджеттик жана донорлук акчаны максаттуу пайдаланууну министрден талап кылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (32)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG