Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:42

КСДП: Жогорку Кеңеште өткөн угуу сотко - жасалган далилсиз кысым


Иллюстрациялык сүрөт.

14-февралда Жогорку Кеңештеги Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модерниизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат угуу - бийликтин сотко эптеп жасалган далилсиз кысымы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, бул "ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу кылмыш иши тергөөчүлөрдүн кыялынан жаралган" деген Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун сөзүн ырастап турат.

- Учурда бийликке ушундай кысым керек болуп турат, - деди КСДПнын өкүлү. - Анткени жок дегенде бир аз акыйкаттык бар соттук процессте ЖЭБди модернизациялоодон келип чыккан зыян боюнча тергөөчүлөрдүн оюнан чыгарылган айыптоолордун оңой эле быт-чыты чыгат. Биринчиден, зыяндын суммасы ачык эле ойдон чыгарылган. Экинчиден, Сапар Исаковдун спикерди, премьер-министрлерди жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбурлаганы боюнча эч кандай далилдер жок. Үчүнчүдөн, кимдир-бирөөлөр кысым көрсөткөн күндө да алар мыйзамды бузууга укуктары бар беле? Спикер да, премьер-министр да эч качан президентке, анын аппаратына баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктары да жетишерлик болгон. Демек, жоопкерчилик да ошончолук болушу керек.

Кундуз Жолдубаева мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков да, экс-президент Алмазбек Атамбаев да эч качан мыйзам бузууну талап кылбаганын, Алмазбек Атамбаев мыйзамдын чегинде гана иштөөнү талап кылып келгенин кошумчалады.

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу парламент депутаттарына маалымат берген. Анын айтуусунда, айыптоочу тарап бул коррупциялык ишти уюштуруучусу жана башкаруучу мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков болгон деп тапкан. Башкы прокурор ЖЭБдеги коррупцияга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тийгизген таасири да аныкталып, ал боюнча иш өзүнчө бөлүнүп коюлганын маалымдаган.

Бишкек ЖЭБинде 2018-жылдын январында болгон авариянын жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.

Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбай калганын айткан. Натайжада ЖЭБге байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, өкмөт башчылар баш болгон 15тей аткаминер, кызматкер камалган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери менен кылмыш иши козголуп, жакында иш сотко өттү. Башкы прокурор кылмыш иштери козголгон адамдарга таандык 413 млн. 885 миң сомдук мүлккө бөгөт коюлуп, камакка алынганын билдирди. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG