Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Согуштар дүйнөдө жыл сайын 100 миңдей баланын өмүрүн алууда


Йемендик кыз. 25-август, 2018-жыл.
Йемендик кыз. 25-август, 2018-жыл.

Жыл сайын дүйнөдө куралдуу кагылыштардан жана алардын кесепеттеринен кеминде 100 миңдей бала курман болот. Бул тууралуу "Save the children" уюму 15-февралда жарыялаган "Балдарга каршы согуштарды токтоткула" деген аталыштагы баяндамасында айтылат.

Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, куралдуу жаңжалдардан балдардын физикалык, акыл-эс, психосоциалдык өнүгүүсү да жабыркап жатат. Ошондой эле баяндамада окко учуп же бомбанын жардырууларынан курман болгондорго караганда жетиштүү тамактанбагандыктан, оору-сыркоолордон жана тийиштүү медициналык жардамдын жоктугунан чарчап калган балдардын саны көп экени баяндамада белгиленген.

2013-2017-жылдар аралыгында согуштук аракеттер болуп жаткан он мамлекетте жарым миллиондой бала өмүр менен кош айтышкан. Бул деген жыл сайын 100 миңдей бала курман болорун айгинелейт.

Ал эми согуштан балдар эң көп жабыркаган он мамлекеттин сап башында Ооганстан, Ирак, Сирия, Йемен, Борбордук Африка Республикасы бар. Документте 2017-жылы Ооганстанда үч миңден ашуун бала курман болгондугу белгиленет.

XS
SM
MD
LG