Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Орусияда мектепке кол салган окуучу абакка кесилди


Сот залы. Иллюстрациялык сүрөт.
Сот залы. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Ивантеевка шаардык соту 2017-жылдын күзүндө жергиликтүү мектепке кол салган 17 жаштагы өспүрүмдү жети жыл үч айга эркинен ажыратты.

Сот ошондой эле аны чабуулда жабыркагандарга эки миллион рубль төлөп берүүгө милдеттендирди.

2017-жылдын сентябрь айында окуучу мектепке курал алып кирип, туш келди ок аткан. Ал ошондой эле мугалимге балта менен кол салган. Окуяда бир мугалим жана үч окуучу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Массалык маалымат каражаттарында жазылгандай, окуучу мугалимдери жана айрым классташтары менен тил табыша албай жүргөн. Эки ай мурда Пермь шаардык соту жергиликтүү мектепке кол салган өспүрүмдү тогуз жыл сегиз айга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган.

17 жаштагы өспүрүмгө "28 окуучунун жана мугалимдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган", "атайылап мектеп мүлкүн талкалаган" деген айыптар тагылган. Сот ошондой эле аны жабырлануучулардын пайдасына сегиз миллион рубль компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG